Түркия: «Германиянын басма сөз катчысынын негизсиз дооматтары кабыл алынгыс»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын Грецияга кам көргөн жана Түркияны бутага алган билдирүүсүнө кескин реакция жасады.

1844467
Түркия: «Германиянын басма сөз катчысынын негизсиз дооматтары кабыл алынгыс»

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Кристофер Бургерге Түркиядан «Греция» боюнча каршы чыгуу...

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын Грецияга кам көргөн жана Түркияны бутага алган билдирүүсүнө кескин реакция жасады.

Билгич, Германиянын басма сөз катчысынын Грециянын мыйзамсыз дооматтарына таянып Түркияга каршы айтылган сөздөрүнүн өкүнүчтүү экенин белгиледи.

Танжу Билгич темага байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүдөй сөздөрдү айтты:«Греция биздин өлкөнүн аба мейкиндигин бузган, материгибиздин үстүнөн учуу жасаган жана учактарыбызды куугунтуктаган тарап болсо да, Германиянын басма сөз катчысынын өлкөбүзгө каршы негизсиз айыптоолорду айтуусу кабыл алынгыс.

Немис катчысына НАТОнун ичиндеги ишеним чаралары жыйындарына чакырууларга карабастан бир жылдан бери жооп бербеген тарап жана Эгей деңизиндеги акыркы чыңалууну шылтоолоп бул жолугушууларды тоңдурганын жарыялаган тарап Түркия эмес экенин эскертебиз.

Диалог жана чыңалууну басаңдатуу үчүн аракет кылам деген Германияны эки союздаштын ортосундагы талаш-тартыштарда бир тарапты карманбоого, башка өлкөлөрдүн мыйзамсыздыктарына курал болбоого, айрыкча эч кандай ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги жок аймактарда жана маселелерде бир жактуу комментарий бербөөгө чакырабыз».



Тектеш кабарлар