Террор менен күрөш улантылууда

Сириянын түндүгүндө ПКК террордук уюмунун  мүчөсү 4 террорист жок кылынды.

1844500
Террор менен күрөш улантылууда

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Шейиттерибиздин каны жерде калган жок. Сирияда "Тынчтык булагы" жана "Евфрат калканы"  аймактарына карата кол салуу үчүн даярданган ПКК/ЙПГнын 4 террорсти жок кылынды. Күрөшүбүз  акыркы террорист жок кылынганга чейин чечкиндүүлүк менен улантылат",- деп билдирилди. 

Түрк куралдуу күчтөрү  2016 - жылы 21  - августта, 2017 -  жылы 29 -  мартта жүргүзгөн "Евфрат калканы" жана 2019 -  жылы 25 -  октябрь жана 25 -  ноябрда жүргүзгөн "Тынчтык булагы" операциясы менен Сириянын түндүгүн террордон тазалаган. 

 



Тектеш кабарлар