Мевлүт Чавушоглу Сербияда тышкы иштер министри Никола Селакович менен пресс - жыйын өткөрдү

Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын да алдыдагы жумаларда Сербияга сапар менен келе тургандыгын белгиледи.

1844603
Мевлүт Чавушоглу  Сербияда тышкы иштер министри Никола Селакович менен пресс  - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сербия менен  белгиленген 5 миллиард долларлык эки тараптуу соода көлөмүнүн жарымына бул жылы жетүүнүн  күтүлгөнүн айтты.

Министр Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Сербияда тышкы иштер министри Никола Селакович менен бирлешекен пресс  - жыйын өткөрдү.

Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын да алдыдагы жумаларда Сербияга сапар менен келерин айтты.

Сербия менен экономикалык карым  - катнаштардын ылдам өнүгүп жатканын айткан тышкы иштер министри : «Президентибиз белгилеген 5 миллиард долларлык эки тараптуу соода көлөмүнө карай бара жатабыз. Учурдагы көрсөткүчтөр муну тастыктоодо. 2021-жылы соода көлөмүбүз 2 миллиард доллардан ашты. Биринчи чейректеги 31 пайыздык өсүү менен максаттарыбызга карай ишенимдүү бара жатабыз»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу  туристтердин санынын көбөйгөнүнө көңүлдөрдү буруп, быйыл Түркияга 300 миңден ашуун серб туристтин келиши күтүлүп жаткандыгын айтты.

Жакынкы убакта ички иштер министрлеринин 2 өлкөнүн жарандарынын «күбөлүк менен саякаттоо» иш-чарасы ишке ашырыла турган протоколго кол кое турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Эки өлкөнүн жарандары паспортко муктаж болбостон чип ID менен жүрө алышат. Сербия бул багытта алтынчы өлкө болот. Бул келишимдерди Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Украина, Молдова, Азербайжан жана Грузия менен ишке киргиздик»,- деди.  

Россия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуш, анын кесепеттери жана Түркиянын ок атышпоо боюнча аракеттеринин да сүйлөшүлгөнүн айткан Чавушоглу : «Өзгөчө дан азыктарын экспорттоодогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча Бириккен Улуттар Уюму  менен аткарган иштер тууралуу маалымат бердим. Баарыбыздын каалообуз  эртерээк согуштун аякташы»,- деди.  

Күндүз жалпы Сербиядагы мектептерде да бомба коркунучунун бар экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар