Түркия Буркина - Фасого көңүл айтты

Түркия Буркина  -  Фасодо болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу жарыялады.

1843911
Түркия Буркина - Фасого көңүл айтты

Түркия Буркина  -  Фасодо болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу жарыялады. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Сахел аймагындагы Сено провинциясында  болгон террордук кол салууда кеминде 50 жарандын каза болушунан кайгыруудабыз",- деп  айтылды. Кол салуу катуу айыпталган билдирүүдө : "Каза болгондордун  үй  - бүлөлөрү менен дос жана боордош Буркина  -  Фасо калкына чын жүрөктөн көңүл айтып жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп билдирилди. 

Буркина - Фасодо өкмөттүн катчысы Лионел Билго кечээ өткөрүлгөн пресс  - жыйында ишемби күндөн жекшебиге өткөн түнү Сахел аймагында ким экени белгисиз куралдуу кишилердин кол салгандыгын жарыялаган. 

Жетекчилер кол салууда каза болгондордун саны 79га жеткендигин билдиришкен. 

 

 



Тектеш кабарлар