Президент Эрдоган Столтенберг менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө  Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылуусу талкууланды.

1843923
Президент Эрдоган Столтенберг менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө  Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылуусу талкууланды. 

Президентткитин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк сүйлөшүүсү каралды. Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк талабы тууралуу Түркиянын мыйзамдуу тынчсызданууларын жок кыла турган кадамдардын ташталышы керектигин кайталады. 

Президент Эрдоган эки өлкөнүн тең   Түркиянын туура күтүүлөрүн актаган конкреттүү кадамдарды көрбөй туруп, террор менен күрөшүү жана коргонуу өнөр жайы кызматташтыгы тууралуу  парадигма алмашууга барыларына байланыштуу жазуу түрүндө убада берилбестен  процессте жылыш боло албастыгын баса белгиледи.

НАТОнун башкы катчысы Столтенберг да президент Эрдоган менен  өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу соцтармактан маалымат берди. 

Испаниянын борбор шаары Мадридде 29 - 30 -  июнда өтө турган НАТО саммитинен мурда Эрдоган менен сүйлөшүү өткөргөндүгүн билдирген Столтенберг : "Түркиянын террор менен күрөшүүдө  мыйзамдуу коопсуздук  тынчсызданууларын жок кылынышы жана Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуу процессинде прогресске жетишүүнүн маанисин талкууладык»,-деди.



Тектеш кабарлар