Ибрахим Калын Германияда бештик жыйынга катышты

Жыйында Эгей жана Жер Ортолук деңиз меселелери менен Сирия, Афганистан жана Иран сыяктуу темалар талкууланды.

1843788
Ибрахим Калын  Германияда бештик жыйынга катышты

Президенттиктин  катчысы Ибрахим Калын Германиянын борбор шаары Берлинде Германия, АКШ, Британия жана Франциянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн тегерек стол жыйынына катышты.

Президенттиктин катчылыгынан берилген маалыматка караганда Германия федералдык республикасынын канцлериясында болгон жыйынга президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Германиянын Федералдык канцлерлигинин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча кеңешчиси Йенс Плотнер, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан,  Бириккен королдуктун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Стивен Лавгров жана Франциянын тышкы иштер министрлигинин саясат жана коопсуздук иштери боюнча башкы директору Филипп Эррера катышты.

Жыйында Испаниянын борбор шаары Мадридде 29 – 30 -  июнда өткөрүлө турган НАТО саммити жана стратегиялык концепциясы, Швеция жана Финляндиянын мүчөлүк үчүн кайрылуу процесстери, 24 -  февралдан бери келе жаткан Россия  -  Украина согушундагы абалдар жана Кара деңизде дан өткөрүү процесси, Эгей жана Жер Ортолук деңиз меселелери менен Сирия, Афганистан жана Иран сыяктуу темалар талкууланды.

Украина согушунун глобалдык кесепеттери уланып жаткан бир мезгилде союздаштыктын  тилектештик ичинде болушунун маанисине жана террорго каршы  дискриминациясыз ачык позицияны көрсөтүү керектигине басым жасалган жыйында дүйнөлүк азык  - түлүк коопсуздугу жактан Кара деңиз дан өткөрүү процессине жана Түркиянын бул багыттагы демилгелерине көңүл бурулду.

Жыйында Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүккө кайрылуусунун негизинде террордук уюмдар тууралуу так кадамдар ташталбастан алдыга жылуунун болбой тургандыгы белгиленип, Түркиянын Эгей жана Жер Ортолук деңиз темалары боюнча мыйзамдуу укуктарынан баш тартпай тургандыгы,  аймактык жана глобалдык кризистерде дипломатиялык чечим табуу аракеттерин чечкиндүү түрдө уланта тургандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар