Чавушоглу Столтенберг жана Додик менен сүйлөштү
Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.
1843369
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сүйлөшүүдө НАТОну кеңейтүү маселеси талкууланды.
Мевлүт Чавушоглу Стамбулда Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин серб мүчөсү Милорад Додик менен да жолукту.
Чавушоглу Твиттердеги баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө: «Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин мүчөсү Милорад Додик менен аймагыбыздагы, өзгөчө Босния-Герцеговинадагы окуяларды талкууладык»,-деди.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.