Чавушоглу парламентте билдирүүлөрдү жасады

Мевлүт Чавушоглу Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) журналисттерге маалымат берди.

1843863
Чавушоглу парламентте билдирүүлөрдү жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу бул эки өлкөдөн күткөндөрүн ачык билдиргендерин, эми алардан жазуу түрүндө жооп күтүп жатышканын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) журналисттерге билдирүү жасады.

Тышкы иштер министри, терроризмден алыстабаган Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу, «Кечээ НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштүм. НАТОнун катчылыгы менен да байланышып жатабыз. Кайсы маселе боюнча эки өлкөдөн эмнени күтөөрүбүздү жазуу жүзүндө ачык айттык. Эми алардан кат жүзүндө жооп күтүп жатабыз»,-деп айтты.

Украинанын дан экспортунун алдындагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн дан коридорунун түзүлүшү боюнча өнүгүүлөр тууралуу суроого жооп берген Чавушоглу, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) планы ишке аша турган план экенин жана Орусиядан жооп күтүп жатканын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу Түркиянын БУУнун планын колдоорун баса белгилеп: «Эгерде тараптар макулдашса, Стамбулда жолугуп, чоо-жайын талкуулашыбыз мүмкүн дедик», - деп айтты.

Тышкы иштер министри Украинанын Кара деңиз аркылуу эгин экспорттоосу үчүн миналарды тазалоонун зарылчылыгы жок экенин, коопсуз линияларды ачууга болоорун айтты.



Тектеш кабарлар