Акар грек парламентарийлерине катуу каршылык көрсөттү

Стамбулда НАТО ПАнын саясий комиссиясы менен Жер Ортолук деңиз жана Жакынкы Чыгыш атайын тобунун биргелешкен жыйыны башталды.

1843152
Акар грек парламентарийлерине катуу каршылык көрсөттү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО Парламенттик ассамблеясынын (НАТО ПА) саясий комиссиясы менен Жер Ортолук деңиз жана Жакынкы Чыгыш атайын тобунун биргелешкен жыйынында Түркияга каршы билдирүү жасаган грек парламентарийлерине катуу каршы чыкты.

Стамбулда НАТО ПАнын саясий комиссиясы менен Жер Ортолук деңиз жана Жакынкы Чыгыш атайын тобунун биргелешкен жыйыны башталды.

Министр Акар Жер Ортолук деңиз жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын топтун баяндамасынын талкуусунан кийин депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Хулуси Акар грек парламентарийинин суроосунда «Кипрдин түндүгүндөгү басып алууң уланууда» деген сөздү колдонгонуна катуу каршы чыгып: «Кипрдин түндүгү оккупацияланды десеңер, башынан эле урушууну каалайсыңар дегенди берет. Түркия Кипрдин түндүгүндө баскынчы эмес. Ал жерде 1974-жылга чейин кыргындар, төңкөрүштөр болгон. Румдардын дагы жашоосу коркунучта болушкан.

Биз 1974-жылы Тынчтык операциясын жүргүзгөнбүз. 1974-жылдан азыркыга чейин түштүк (Кипр) да, түндүк (Кипр) да тынчтыкта ​​жашайт. Сиз муну көрүшүңүз керек. Бир жактуу болбошуңуз керек. 2014-жылы бардык кемчиликтерине карабастан түрктөр БУУнун (БУУ) Аннан планын чечүүчү жол үчүн кабыл алышты. Рум тарап муну кабыл алган жок»,-деп жооп берди.

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын 40 миң кишини өлтүргөнүн, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинде ФЕТӨнүн 251 кишини өлтүргөнүн баса белгилеген Акар: «Өлкөбүздү жана улутубузду террор балээсинен куткаруу үчүн катуу аракет кылуудабыз. Бул темада чечкиндүүбүз. Башка максатыбыз жок. Эгер биз күрөшүп жаткан, биздин өлкөбүзгө зыян келтирген, 40 миң кишини өлтүрүп, 251 кишини кырып салган ПКК/ЙПГга, ФЕТӨгө ал жердеги лагерде (Грециядагы Лаврион) орун берсеңер, мунун аты шериктештик деп аталбайт, достукка каршы келет. Бул абал альянска зыян келтирет, бул ошондой эле союздаштыктын духуна каршы келет»,-деп айтты.

Грек парламентарийинин «Андай нерсе жок» дегенинен кийин министр Акар: «Жок дебе. Грециядагы Лаврион лагерин билбеген эч ким жок. Ошол сыяктуу Швецияда да ПКК/ЙПГ мүчөлөрү баарын жасашат. Мунун адамдык, демократия жана адам укуктары менен эч кандай байланышы жок. Террорчуларга мынча көп мүмкүнчүлүк берилсе, биздин да бул адамдар менен бирге болгубуз келбейт, бул нормалдуу көрүнүш»,-деди.

Министр Акар башка бир грек депутаттын «Түрк аба күчтөрү Грециянын аралдарынын үстүнөн учуп жатат» деген сөзүнө мындай деп жооп берди: «Грек учактары 27-апрелде материгибизге келип, Датча, Дидим жана Даламандагы аба мейкиндигибизди бузду. Сиз ушунча километр алыстыктан, Грециянын материгинен Түркиянын материгине келесиз жана аба мейкиндигибизди бузуп жатасыз, мындан ары эмне кылышыбызды күтүп жатасыз? Булардын радар сүрөттөрү бар, шериктеш өлкөлөр менен да бөлүштүк. Биз да аларга 28-апрелде жооп бердик».



Тектеш кабарлар