«Чеңгел-кулпу» операциясында шейит
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
1842473
Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-кулпу» операциясында бир аскер шейит болду.
Улуттук Коргоо министрлиги, жөө аскер адиси сержант Рамазан Гөктүн «Чеңгел-кулпу» операциясында шейит болгонун кабарлады.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар көңүл айтуу билдирүүсүндө: "Баатыр куралдашыбыз жөө аскер адиси сержант Рамазан Гөк бүгүн шейит болду. Өзүмдүн жана Улуттук Коргоо министрлигинин мүчөлөрүнүн атынан шейит баатырыбызга Аллахтан ырайым тилеп, анын үй-бүлөсүнө жана элибизге көңүл айтамын»,-деди.