Чавушоглу-Татар жолугушуусу

Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу президент Эрсин Татар тарабынан кабыл алынды.

1842558
Чавушоглу-Татар жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги өз укуктарын, ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) жана Кипр түрк калкынын укуктарын коргоону уланта турганын билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу президент Эрсин Татар тарабынан кабыл алынды.

Бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүлдү.

Чавушоглу Мараштын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагы экенин, Мараштын ачылышы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасында ташталган кадамдардын эл аралык укукка каршы келбегенин, рум тараптын тынчсыздануусу Марашты кайра алуу экенин белгилеп: «Мараштын ачылышы менен өздөрүн ыңгайсыз сезе башташты. Рум эли да Мараштагы мүлктөрүн колдонгусу келет. Биз да муну колдойбуз. Биз алардын да укуктарын колдонушун каалайбыз. Бул абалды жаңы бир нерсе болгонсуп түшүндүрүүгө аракет кылып жатышат»,- деди.

Чавушоглу, Кипрде мындан ары тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр боло турган болсо, анын эки коомчулугунун ортосунда эмес, эки мамлекеттин ортосунда боло турганын баса белгиледи.

Чавушоглу Греция менен акыркы мезгилдеги чыңалууга байланыштуу: «Биз укуктарыбызды коргоого толук чечкиндүүбүз. Биз тирешүүнү эмес, кызматташууну жактайбыз. Греция мыйзамдуу түрдө жооп бербей жатат. Греция барып, эл аралык коомчулукка ыйлап жатат. Эгер көйгөйлөр жаралса, сүйлөшүү жолу менен чече алабыз»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги өз укуктарын, ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана Кипр түрк калкынын укуктарын коргоону уланта турганын баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу Грециянын премьер-министринин АКШ Конгрессинде Түркияны мактоосун күтпөгөндөрүн белгилеп: «Бирок, НАТОго мүчө эки өлкө жана НАТОдо коопсуздук боюнча тилектештик бар. F-16ларды лоббирлөө биз үчүн кабыл алынгыс нерсе. Алар Түркияны кошпой көп жолугушууларды өткөрүштү. Биз аларга дээрлик жокко эсе дедик, анын жарактуулугу болдубу? Болбоду»,-деп айтты.

Мурдагы грек адмиралынын «Көпүрөлөрдү (Стамбулда) атабыз» деген сөзүнө байланыштуу министр Чавушоглу: «Алардын куру сөз менен өздөрүн сооротуусунун кереги жок»,- деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татар Рум башкаруусунун аралдагы бардык чечим сунуштарын четке какканын айтты.

Татар:«ТКТРдин эгемендигине зыян келтире турган сунушка «ооба» деп айта албайбыз. Мараштын ачылышы жаңы саясаттын бир өлчөмү»,-деди.



Тектеш кабарлар