Столтенберг: «Түркиянын кооптонуусу мыйзамдуу»

Йенс Столтенберг тышкы саясат жана коопсуздук маселелери талкуулана турган «Култаранта сүйлөшүүлөрүнүн» алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинисто менен жолугушту.

1841831
Столтенберг: «Түркиянын кооптонуусу мыйзамдуу»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө карата билдирген тынчсызданууларынын мыйзамдуу экенин айтты.

Йенс Столтенберг тышкы саясат жана коопсуздук маселелери талкуулана турган «Култаранта сүйлөшүүлөрүнүн» алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинисто менен жолугушту.

Биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Столтенберг Түркиянын Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу тынчсызданууларынын негиздүү экенине көңүл буруп: «Биз Түркиянын НАТОдогу башка өнөктөштөрүнө караганда террордон көбүрөөк жапа чеккенин моюнга алышыбыз керек»,-деди.

Столтенберг  Мадрид саммитинин Швеция менен Финляндиядан НАТОнун арыздарын кабыл алуунун акыркы мөөнөтү эмес экенин кошумчалады.

1952-жылдан бери мүчө болгон НАТОнун ачык эшик саясатын карманган Түркия да Кансыз согуштан кийинки мезгилде 1999 жана 2004-жылдары мурдагы советтик блок өлкөлөрүнүн альянска кошулушун колдогон.

Түркиянын Швеция менен Финляндиянын НАТОго катышуусуна каршы чыгышынын себеби, бул эки Скандинавия өлкөсүнүн Түркиянын террор менен күрөшүн колдобоосу жана жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга колдоо көрсөтүүсү.

Түркия Швеция менен Финляндиянын ПКК мүчөлөрүн кабыл алганын билдирди. Швециянын ЙПГга аскердик техника жана каржылык колдоо көрсөткөнүн баса белгилеп, ыңгайсыздыгын билдирген Түркия, бул өлкөдөн талап кылынган 21, Финляндиядан талап кылынган 12 кишини кайтарып бербөөнү да күн тартибинде кармоодо.



Тектеш кабарлар