Түрк аба жолдорунун Стамбул - Тиват каттамдары башталды

Эртең менен Стамбулдан 150 жүргүнчүсү менен учкан түрк аба жолдорунун учагы Тиват аэропортуна карата  каттамын ийгиликтүү аткарды.

1841579
Түрк аба жолдорунун  Стамбул  -  Тиват каттамдары башталды

Түрк аба жолдорунун  Черногориянын деңиз жээгиндеги Тиват шаарына бүгүнтөн тарта каттамдары башталды.

Эртең менен Стамбулдан 150 жүргүнчүсү менен учкан түрк аба жолдорунун учагы Тиват аэропортуна карата  каттамын ийгиликтүү аткарды. 

Аэропортто өткөрүлгөн аземге катышкан түрк аба жолдорунун  башкы директору Билал Экши түрк аба жолдорунун адамдарды жана өлкөлөрдү байланыштырганын белгилеп, борбор шаар Подгорицадан кийин Тиватка каттамдарды уюштуруудан кубанычта экендиктерин билдирди.

Черногория инвестиция министри Эрвин Ибрагимович да Түркия менен Черногория экономикалык карым-катнаштарын өнүктүрүүнү улантып жатканын айтты.

Түркиянын Подгорицадагы элчиси Соңгүл Озан бул каттамдардын эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды күчтөндүрө турганын белгилеп, Түркиянын досу Черногориянын абдан кооз жээкке ээ экенин белгиледи.

Түрк аба жолдору Тиватка жумасына 3 каттам аткарат. 



Тектеш кабарлар