АКШда Стамбулга "Европанын мыкты жери" сыйлыгы берилди

Борбору Нью  -  Йорк болгон журнал басма жана санарип түрүндө миллиондогон окурманга жеткирилүүдө.

1840991
АКШда Стамбулга "Европанын мыкты жери" сыйлыгы берилди

АКШда Стамбулга «Европанын мыкты жери» сыйлыгы берилди.

АКШнын алдыңкы саякат жана туризм журналдарынан Global Traveler тарабынан 10 жылдан бери уюштурулуп келген "Best Leisure Lifestyle Awards" сыйлыктарынын негизинде журналдын окурмандары «2022 -  жылы мыкты убакыт өткөрө турган жер» катары Стамбулду тандады.

Нью  -  Йорктогу белгилүү  Lotos Clubда  уюштурулган сыйлыктарды тапшыруу аземинде Стамбулдун эң көп добуш алып «Европанын мыкты жери» болуп тандалган категорияда Лиссабон экинчи, үчүнчү орунду Краков алды.

Борбору Нью  -  Йорк болгон журнал басма жана санарип түрүндө миллиондогон окурманга жеткирилүүдө.

Жыл сайын салттуу түрдө уюштурулган "2022 Leisure Lifestyle Awards" сыйлыктарды таратуу аземинде Стамбул аэропорту да «мыкты трансфер аэропорту» жана «мыкты үй  - бүлө досу эл аралык аэропорту» сыйлыктарына ылайык көрүлдү.

 

 

 



Тектеш кабарлар