Президент Эрдоган «Эфес  - 2022»  машыгуусуна катышты

Эрдоган Измирдин Сеферихисар районунда ишке ашырылган «Эфес  - 2022»  машыгуусунун "жогорку мартабалуу байкоочулар  күнүндө" сөз сүйлөдү.

1840692
Президент Эрдоган  «Эфес  - 2022»  машыгуусуна катышты

Президент Эрдоган : «Грецияны  бир кылым мурда болгондой өкүнүч менен бүтө турган кыялдардан жана кыймылдардан алыс туруу, акылына келүүсү боюнча эскертебиз»,- деди.

Эрдоган Измирдин Сеферихисар районунда ишке ашырылган «Эфес  - 2022»  машыгуусунун "жогорку мартабалуу байкоочулар  күнүндө" сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган : “Чек араларыбызды 30 километр ичкериде бир коопсуздук линиясы менен коргоо астына алуу чечкиндүүлүгүбүздү  акырындык менен ишке ашыруудабыз»,- деди.

Эрдоган : «Өлкөбүздүн чек араларында террор коридорлорунун курулушуна уруксат бербейбиз, бул үчүн коопсуздук линиябыздын жетишпеген жерлерин сөзсүз түрдө толуктайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган : «Грецияны аскердик статуска ээ эмес аралдарды куралдандыруудан баш тартууга, эл аралык келишимдерге ылайык мамиле кылууга чакырабыз»,- деп сөзүн төмөнкүчө улантты : «Урматтуу Мицотакис аралдарга туристтик десанттрады жиберип жаткандыр. Муну менен бир жерге баруу мүмкүн эмес. Түркия эч кимдин укугун тебелебейт,  өз укугун да эч кимге тебелетпейт.

Грецияны  бир кылым мурда болгондой өкүнүч менен аяктай турган кыялдардан жана кыймылдардан алыс туруу, акылына келүүсү боюнча эскертебиз. Түркия Эгейде өз укуктарынан баш тартпай тургандай эле  аралдардын куралдандырылышы тууралуу эл аралык келишимдер кабыл алган жоопкерчиликтерди колдонуудан тартынбайт».

«Эфес  - 2022»  машыгуусунун «жогорку мартабалуу байкоочу күнү» иш  - чарасынын экинчи бөлүгү президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу менен башталды.

Доганбей атуу машыгуу аймагында өткөрүлгөн «Эфес» машыгуусунун «жогорку мартабалуу байкоочу күнү» иш  - чаралары улантылууда.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын 10дон ашуун өлкөнүн коргоо министрлери менен башкы штаб төрагалары жана түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен көргөн эрте мененки иш  - чаралар буталарды так атуу менен аяктады.

«Жогорку мартабалуу байкоочу күнү» иш  - чарасынын экинчи бөлүгү президент Эрдогандын машыгуу аянтына келишинен кийин башталды.

Үстүндө «президенттик вымпел»  бар көк түстөгү куртка кийген, «Эфес – 2022» деп жазылган кепка кийген Эрдоган машыгууну көргөн конок коргоо министрлери жана башкы штабдын төрагалары менен бир канча убакыт маектешти.

Кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Муса Авсевердин машыгуу тууралуу берген брифингинен кийин машыгуунун негизинде түрк куралдуу күчтөрүнүн элементтери тарабынан буталар атыла баштады.

«Эфес  - 2022»  машыгуусу Улуттук коргоо министрлиги, башкы штабдын төрагалыгы, кургактык, деңиз жана аба күчтөрү менен жандармериянын башкы командирлиги, жээк коопсуздук командирлиги, жарандык коомдук мекемелер жана уюмдар менен бирге АКШ, Германия, Албания, Австралия, Азербайжан, Бахрейн, Бангладеш, Босния жана Герцеговина, Буркина-Фасо, Чехия, Эфиопия, Франция, Гамбия, Грузия, Ирак, Британия, Италия, Камерун, Катар, Казакстан, Кыргызстан, Корея Республикасы, Косово, Кувейт, Түндүк Македония, Латвия, Ливия, Венгрия, Малайзия, Монголия, Нигерия, Өзбекстан, Пакистан, Руанда, Словакия, Сомали жана Иорданиядан милдеттендирилген бөлүктөр жана элементтер менен 1100ү чет элдик  11 миң кызматкердин катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Машыгууда Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты Колдоо Операциясынын жалпы сценарийи колдонулууда.  Биргелешкен операцияда катышуучу өлкөлөрдүн элементтери менен түзүлгөн биргелешкен штаб жана бөлүктөрдүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максат кылынууда.

«Эфес  - 2022» машыгуусунун түнкү иш  -  чаралары кечээ өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар