Фуат Октай Европа Парламентинин "2021 Түркия" отчетуна каршы чыкты

Вице-президент Фуат Октай тема боюнча Анадолу агенттигине берген баалоосунда төмөнкүлөргө токтолду.

1840447
Фуат Октай Европа Парламентинин  "2021 Түркия" отчетуна каршы чыкты

Вице-президент Фуат Октай Европа Парламентинин (ЕП) "2021 Түркия" отчетуна каршы чыкты.

Октай, тема боюнча Анадолу агенттигине берген баалоосунда: «ЕПнин 2021-жыл үчүн Түркия отчетундагы Кипр маселесине байланыштуу Европа Парламентинин тайыз жана көрөгөчтүксүз билдирүүлөрү ЕПнын Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун  басма сөз катчысы катары иш алып барганынын жаңы бир далили. Эгер Европа Биримдиги жана ЕП Кипр маселесинин чечилишине салым кошууну кааласа, Кипр түрк элин көрмөксөнгө салууну токтотуп, кипрлик түрктөрдүн эгемен теңдигин жана тең эл аралык статусун каттап, 2004-жылы Кипр түрк калкына берген убадаларын аткарышы керек»,-деди.

Кипрде эки башка эл жана мамлекет бар экенине көңүл бурган Октай: «Румдар 50 жылдай алаксытуу тактикасы менен 2004 жана 2017-жылдары четке каккан модель (федерация) дагы 50 жыл бою сүйлөшүлбөйт. Бул китеп эми жабылды»,-деп өз баасын берди.

ЕПнын Түркия тууралуу баяндамасында Кипр сүйлөшүүлөрүнүн кайра башталышы жана түрк тараптын эки мамлекеттүү чечим сунушунан баш тартышы күтүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар