Түркия Европа Парламентине каршы чыкты

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Европа Парламентинин 2021-жылдагы Түркия отчетуна баа берилди.

1839438
Түркия Европа Парламентине каршы чыкты

 

Европа Парламентинин (ЕП) «Түркия отчетуна» Түркиядан каршы чыгуу...

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Европа Парламентинин 2021-жылдагы Түркия отчетуна баа берилди.

ЕПнин сунуш мүнөзүндөгү отчетунун 2022-жылдын 7-июнунда ЕП Башкы Ассамблеясында кабыл алынганын эске салган билдирүүдө,«Өлкөбүз менен Евробиримдиктин (ЕБ) ортосундагы карым-катнаштарды өз ара аракеттер менен бекемдөө зарылчылыгы көрүнүп турса да,  ЕПнин бул муктаждыкты тайыз жана көз карашсыздык менен көз жаздымда калтырып, отчеттогу калыс жана реалдуу эмес баа берүүлөрүн кабыл албайбыз жана четке кагабыз»,делди.

Түркиянын Европадан эң биринчи күтүүсүнүн тар көз караштагы чөйрөлөрдүн күн тартибинде курал болбошу жана мүчөлүк сүйлөшүү процессинин жандануусу үчүн ЕБ мекемелерине шыктандыргыч мамиле кылуу экени белгиленген билдирүүдө, ЕП буга чейин карама-каршы позицияны карманып келгени баса белгиленди.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген: «Террордук уюм мүчөлөрүнүн ЕБде уя салып, террордук үгүт иштерин жүргүзүп жатканына да уруксат берген ЕПнин мындай мамилеси таң калыштуу эмес. Ошентип, ЕП түрк коомчулугунун алдында ишенимин да, ишенимдүүлүгүн да жоготту. Ушул себептен улам отчетто орун алган өлкөбүзгө карата демократия, укуктун үстөмдүгү жана адам укуктары сыяктуу дооматтар менен Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Кипр маселелери боюнча Евробиримдиктин бир же эки мүчөсүнүн тар чөйрөдөгү аракеттерин чагылдырган негизсиз пикирлери бизде дээрлик жокко эсе деп эсептелет».

Түркиянын Евробиримдиктен күтүүсү: Европа Биримдигинин бардык мекемелеринин Түркияга карата милдеттенмелерин аткаруусу, бул контекстте кошулуу процессин жандандыруу, визаны либералдаштыруу диалогун тездетүү, Бажы биримдигин жаңылоо үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо, терроризм менен күрөшүүдө кызматташтыкты арттыруу, айрыкча миграциялык кызматташтыктын алкагында Ыктыярдуу гуманитардык кайра кайтарып берүү планын ишке ашыруу экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө,«Түркияны бул темаларда кадам таштоого үндөгөндүн ордуна тайыз бир көз караш менен баалаган бул отчет АПнын чындыктан алыс, идеологиялык жана бир жактуу мамилесинин жаңы бир мисалы болуп саналат жана ЕПнин аброюна гана зыян келтирүүдө»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар