Өз өлкөсүнө жөнөтүлгөн мыйзамсыз мигранттардын саны 34 миң 112ге жетти

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз мигранттардын кармалышы боюнча текшерүүлөр толук ылдамдыкта уланууда.

1839662
Өз өлкөсүнө жөнөтүлгөн мыйзамсыз мигранттардын саны 34 миң 112ге жетти

Жыл башынан бери депортацияланган мыйзамсыз мигранттардын саны 34 миң 112ге жетти.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз мигранттардын кармалышы боюнча текшерүүлөр толук ылдамдыкта уланууда.

Түркиянын миграция стратегиясы документи жана Улуттук иш-аракет планынын алкагында жүргүзүлгөн иштердин негизинде мыйзамсыз мигранттар чартердик каттамдар жана пландуу каттамдар аркылуу өлкөлөрүнө жөнөтүлүүдө.

Стамбул жана Ыгдырдан 7-июндагы 2 чартердик каттам менен 452, Стамбулдан пландуу каттам менен 178 киши болуп бир күндө жалпы 630 ооган жараны өлкөсүнө жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, саякат документтери алынган жана саякат пландары түзүлгөн 3 миң 188 ооган мигранттын депортациялоо процесси уланууда.

Кайра кайтаруу борборлорунда жана укук коргоо бөлүмдөрүндө процесстери уланган 89 башка улуттан 24 миң 344 чет элдик жаран депортациялануу үчүн административдик камакка алынган. Бул чет элдиктердин 14 миң 255и ооганстандык, 3 миң 681и пакистандык, 1 миң 823ү сириялык жана 4 миң 585и болсо башка жарандар.

27-январда Ооганстанга аба каттамдары ачылгандан бери жалпысынан 18 миң 256 ооган жараны мекенине кайтарылды, алардын 11 миң 646сы 66 чартердик каттам жана 6 миң 610у пландуу каттам менен кетти.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери өз өлкөсүнө жөнөтүлгөн мыйзамсыз мигранттардын саны 34 миң 112ге жетти.

 



Тектеш кабарлар