Алтун:«Так позицияны карманбаган өлкөлөр НАТОнун келечегине коркунуч туудурат»

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөн «НАТО 21-кылымда: чакырыктар, өнөктөштүк жана кеңейүү» панелинде сөз сүйлөдү.

1839314
Алтун:«Так позицияны карманбаган өлкөлөр НАТОнун келечегине коркунуч туудурат»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздарына байланыштуу Түркиянын эскертүүлөрүнүн уланганын айтты.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөн «НАТО 21-кылымда: чакырыктар, өнөктөштүк жана кеңейүү» панелинде сөз сүйлөдү.

«Террорчулукка каршы күрөштө так позицияны карманбаган өлкөлөрдүн альянска кабыл алынышы НАТОнун келечегине коркунуч туудурат», - деп айткан Алтун Швеция жана Финляндиядан конкреттүү кадамдар жана кепилдиктер күтүлгөнүн баса белгиледи.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Бул кадамдар террорго саясий колдоо көрсөтүүнү токтотуу, терроризмди каржылоону жок кылуу, ПКК/ПЙД/ЙПГга куралдуу колдоо көрсөтүүнү токтотуу, өлкөбүзгө каршы ачык жана жашыруун эмбарго жана санкцияларды жоюу»,-деди.

Фахреттин Алтун НАТОго мүчө болуунун бир укук эмес, артыкчылык экенине көңүл буруп, бул артыкчылыкка жетүү үчүн кээ бир талаптардын аткарылышы керектигин айтты.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун:«Бул шарттар аткарылмайынча жана бул талаптар аткарылмайынча Түркиянын бул маселедеги позициясында эч кандай өзгөрүү болбойт. Урматтуу президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган) муну эң жогорку деңгээлден баштап, эл аралык коомдук пикирге чейин бардык маектештерине ачык айтты. Биз Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу биздин өлкөгө гана эмес, бүткүл альянстын коопсуздугуна да тиешелүү позицияны карманганыбызды дагы бир жолу билдиргим келет»,-деди.



Тектеш кабарлар