Айвалыктын жээгинде мыйзамсыз мигранттар

Аймакка жеткен топтор, грек элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөнү аныкталган 44 мыйзамсыз мигрантты жээкке алып чыгышты.

1839830
Айвалыктын жээгинде мыйзамсыз мигранттар

Балыкесирдин Айвалык районунун жээктеринде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына кайра сүрүлгөн 44 мыйзамсыз мигрант кургакка чыгарылды. 

Алынган маалыматка караганда Жээк коопсуздуктун Түндүк Эгей тобу командирлигинин кызматкерлери Айвалык жээгинде бир канча мыйзамсыз мигранттын резина кайыкта болгондугу тууралуу маалымат боюнча чара көрүштү.

Аймакка жеткен топтор, грек элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөнү аныкталган 44 мыйзамсыз мигрантты жээкке алып чыгышты.

Кунда аралында медициналык жардам көрсөтүлүп азык-түлүк муктаждыктары камсыздалган чет элдик жарандар процедуралары үчүн Балыкесирдин Миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар