Президент Эрдоган кечээ кабинет жыйынын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Өлкөбүздүн эл аралык расмий аты Түркийе деп өзгөртүлдү»,- деди.

1838982
Президент Эрдоган кечээ кабинет жыйынын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Өлкөбүздүн эл аралык расмий аты Түркийе деп өзгөртүлдү»,- деди.

Кечээ борбор шаар Анкарада президенттик комплекстеги кабинет жыйынынан кийин улутка кайрылган президент Эрдоган өткөн жумада БУУда Түркиянын эл аралык расмий атын 'Turkeyден' «Түркийе» деп өзгөртүлгөндүгүн айтып : «Мындан кийин  бардык эл аралык байланыштарда, өзүбүздүн мекеме -  уюмдарыбыз жана жарандарыбыз өлкөбүздүн атын Түркийе деп айта алышат. Эми бардык жазуу иштерибизде мамлекеттин бардык мекемелери баары 'Turkey' дебестен толугу менен Түркийе атын колдонушат. Бүгүн кабинет жыйыныбызда ушундай чечим чыгардык, анткени БУУда да бул кат алышуулар толугу менен күн тартибине кирди»,- деди.

Климаттык алмашуу менен өрт, сел, бороондордун күч алышы менен бүгүндөн тарта өздөрүнүн келечекти камтый тургандай бир көз карашка багыт алгандарын айткан Эрдоган Түркиянын дүйнөдө токойлорду көбөйткөн сейрек өлкөлөрдүн бири экендигин айтты.

2053 -  жылга карата көз караштарынын борборуна климаттык алмашуу менен күрөшүү долбоорлорун койгондорун айткан президент Эрдоган Климаттык кеңешмени чогултушкандарын, бардык тармактардын аткара турган иштерин белгилешкендерин, «климаттын мыйзамына» карата даярдыктарын башташкандарын белгиледи. Эрдоган ушул алкакта энергетикада, күндөн шамалга чейин жаңылануга боло турган булактарга жасаган инвестицияларды дагы да арттыргандарын айтты.



Тектеш кабарлар