Калын жана Өнал Йенсен менен жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда жолугушууда Түркиянын НАТОго кошкон салымдары, Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыз процесстери жана Орусия-Украина согушундагы акыркы абалдар каралды.

1839288
Калын жана Өнал Йенсен менен жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал НАТОнун башкы катчысы кабинетинин директору Стиан Йенсен менен жолугушту.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте болгон жолугушууда Түркиянын НАТОго кошкон салымдары, Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыз процесстери жана Орусия-Украина согушундагы акыркы абалдар каралды.

Түркиянын НАТОго мурунку жана азыркы салымдары талкууланган жыйында Түркиянын НАТОдогу ролунун мааниси баса белгиленди.

Июнь айынын аягында өткөрүлө турган Мадрид саммитинде кабыл алынышы пландалган стратегия концепциясына байланыштуу пикирлер айтылган жыйында НАТОнун ынтымак, биримдик жана жалпы коопсуздук коркунучтарына каршы тилектештигинин глобалдык тынчтыкка салым кошо турганы белгиленди.

Жолугушууда НАТОго мүчө болууну каалаган өлкөлөр альянстын терроризмге каршы баалуулуктарын жана принциптерин карманышы керектиги белгиленип, Швеция менен Финляндиянын террордук уюмдарга карата жасалышы керек болгон конкреттүү кадамдар жасалбастан НАТОго мүчө болуу ниетинин контекстинде эч кандай жылыш боло албасы баса белгиленди.

Түркиянын улуттук коопсуздук маселелерин чечүүнүн маанилүү экени баса белгиленген жолугушууда, НАТОнун жамааттык коопсуздук концепциясынын алкагында Түркияга карата коркунучтардын бүткүл альянска коркунуч болгону белгиленди. Терроризмдин бардык түрүнө каршы дискриминациясыз келишпес мамиленин көрсөтүлүшү керектиги баса белгиленди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин аракетинин Түркия тарабынан бааланганы билдирилген жыйында, Украина согушунун глобалдык таасирлери уланып жаткан бир мезгилде альянстын маанисинин дагы бир жолу ортого чыкканы баса белгиленди.

Жыйында согушту токтотуу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн ташталган кадамдарга баа берилди.



Тектеш кабарлар