Эрдоган ар кимди айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоодо дагы аяр болууга чакырды

Президент Эрдоган 5-июнь Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнөн улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1837799
Эрдоган ар кимди айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоодо дагы аяр болууга чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган ар кимди айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоодо дагы аяр болууга чакырды.

Президент Эрдоган 5-июнь Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнөн улам жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жаратылышты коргоодо ар бир кадамдын баалуу экенине басым жасап: «Өнөр жайлашуунун жайылышы, технологиянын өнүгүшү жана адам себепкер болгон себептер, тилекке каршы, жаратылышка жана айлана-чөйрөгө кыйратуучу таасирин тийгизүүдө»,-деди.

Керектөө адаттарындагы ашыкчалык, айлана-чөйрөгө жана жаратылышка болгон сезимсиздиктин узак мөөнөттүү келечекте эң чоң зыянды адам баласына алып келерин билдирген Эрдоган: «Бүткүл адамзат катары биз тез аранын ичинде аракет кылып, көйгөйдү көп кырдуу мамиле менен чечип, чечимдерди чыгарышыбыз керек»,-деп билдирди.

Түркия катары жаратылышты коргоо жана айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алууга багытталган көптөгөн эффективдүү эрежелерди жана практикаларды ишке ашырышкандарын баса белгилеген Эрдоган, токойлордун бар болушун арттыруу үчүн республика тарыхындагы эң чоң токой өстүрүү кампаниясын баштагандарын айтты.

Келечек муундарга жашоого ылайыктуу дүйнө калтыруу үчүн аракетин улантып жатышканын баса белгилеген Президент:«Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрөнү коргоо күнүнө карата жарандарыбызга жана жалпы адамзатка биз жашап жаткан дүйнө келечек муундардын бизге аманаты экенин дагы бир жолу эскертип, бардыгын айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоого аяр мамиле жасоого чакырам»,-деди.



Тектеш кабарлар