Президент Эрдоган Гоита менен сүйлөштү

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Малиде саясий убактылуу процесске карата колдоосун улантышарын айтты.

1837534
Президент Эрдоган Гоита менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Малинин убактылуу мамлекет башчысы Ассими Гоита менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. 

Президенттиктин коммуникация башкармалагынан алынган маалыматка караганда Түркия  -  Мали карым  - катнаштары жана аймактык маселелер талкууланды. 

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Малиде саясий убактылуу процесске карата колдоосун улантышарын айтты. 

Түркия катары Малинин террор менен күрөшүн колдоону улантышкандарын белгилеген президент Эрдоган Малинин да Түркиянын террор менен күрөшүнө колдоо көрсөтүүсүн күтүшкөндөрүн жана Фетуллахчы террордук уюмдун Малидеги иштерин токтотуусу керектигин айтты. 

Малинин өнүгүшүнө салым кошуудан кубанычта экендерин айткан Эрдоган эки өлкөнүн экономикалык жана соода карым  - катнаштарын өнүктүрө турган кадамдарды ташташарын белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар