Ирактын түндүгүндө террорго каршы күрөш улантылууда
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
1837642
Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел - Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПКК террордук уюмунун 6 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берилген билдирүүсүндө : "Террористтердин уяларын кыйратууну улантуудабыз. Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел - Кулпу" операциясы аймагында аныкталган ПККнын 6 террористи түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды",- деп билдирилди.