Эрдоган : "Коопсуздук тынчсызданууларды жаңы операциялар менен жок кылабыз"

Эрдоган борбор шаар Анкаранын Кызылжахамам районунда өткөн партиянын 30 - кеңешүү жана баа берүү жыйынында сөз сүйлөдү.

1837597
Эрдоган : "Коопсуздук тынчсызданууларды  жаңы операциялар менен жок кылабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Түштүк чек араларыбыздагы коопсуздук тынчсызданууларын жаңы операциялар менен жок кылабыз»,- деди. Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган борбор шаар Анкаранын Кызылжахамам районунда өткөн партиянын 30 - кеңешүү жана баа берүү жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүн бардык тармакта дүйнөнүн эң заманбап армияларынын арасына кошо турган кадамдарды ташташкандарын айтып : «Евфрат калканы операциялары жана апрелде башталган «Чеңгел-Кулпу» операциясы менен түштүк чек араларыбыздагы террор коридорун жок кылдык. Түштүк чек араларыбыздагы коопсуздук линиябыздын кемчиликтерин жаңы операциялар менен толуктайбыз. Коопсуздук тынчсызданууларын жаңы операциялар менен жок кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар