Түркия Йеменде ок атышпоонун узартылышын ыраазычылык менен кабыл алды
Түркиянын бул процессте БУУнун атайын өкүлүнүн йемендик тараптардын ортосунда диалогду өнүктүрүү аракеттерине берген колдоону жана Йемен калкы менен тилектештигин улантары баса белгиленди.
Түркия Йеменде рамазан айында БУУнун демилгелеринин негизинде жарыяланган ок атышпоонун дагы 2 айга узартылышы ыраазычылык менен кабыл алынгандыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Ок атышпоонун мөөнөтүнүн узартылышына йемендик тараптардын ортосунда туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү жана келишпестиктин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдери жана белгиленген эл аралык параметрлердин алкагында диалог жолу аркылуу жана конституциялык мыйзамдуулуктун негизинде чечүү тууралуу үмүт берүүчү кадам катары карап жатабыз",- деп билдирилди.
Маалыматта Түркиянын бул процессте БУУнун атайын өкүлүнүн йемендик тараптардын ортосунда диалогду өнүктүрүү аракеттерине берген колдоону жана Йемен калкы менен тилектештигин улантары да баса белгиленди.