Мевлүт Чавушоглу пакистандык кесиптеши менен Анкарада жолугушту

Чавушоглу бул тууралуу Твиттерден маалымат берди.

1835862
Мевлүт Чавушоглу пакистандык кесиптеши менен Анкарада жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистандын премьер  - министри Шахбаз Шариф менен жолугушту. 

Министр Чавушоглу Твиттерден берген билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келген Шариф менен борбор шаар Анкарада жолугушкандыгын белгилеп : "Өлкөбүзгө жасаган бул маанилүү сапар мыкты карым  - катнаштарыбызга жаңы өлчөмдөрдү кошото",- деди. 

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу пакистандык кесиптеши Билавал Бутто Зердари менен да жолугушуу өткөрдү.  Жолугушуу борбор шаар Анкарада тышкы иштер министрлигинин расмий резиденциясында өттү. Жолугушуу тууралуу Твиттерден маалымат берген Чавушоглу : "Пакистандын тышкы иштер министри, боордошум Бутто Зердарини  Анкарада тосуп алдык. Премьер  - министр Шахбаз Шарифтин эртеңки сапарынын даярдыктарын карап чыктык",- деп билдирген.

Министр Чавушоглу билдирүүсүндө Түркиянын дипломатиялык карым  - катнаштарынын 75 -  жылы белгиленген дос жана боордош Пакистан менен кызматташуусун өнүктүрө тургандыгын айтты. 

 



Тектеш кабарлар