Антонио Гутерриш Түркияга ыраазычылык билдирди

Стефан Дужаррик "Баш катчы Кара деңиздеги абалдын чечилишине жана баш катчынын аракеттерине колдоо бергени үчүн Түркияга ыраазы",- деди.

1835748
Антонио Гутерриш Түркияга ыраазычылык билдирди

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш Россия  -  Украина согушундагы тынчтык демилгелеринен улам Түркияга "ыраазы" экендигин билдирди.

БУУнун баш катчысы Стефан Дужаррик Украинадан дан экспорту жана Кара деңиздеги миналар тууралуу демилгелерге берген колдоосунан улам Түркияга ыракмат айтты.

Дужаррик : "Баш катчы Кара деңиздеги абалдын чечилишине жана баш катчынын аракеттерине колдоо бергени үчүн Түркияга ыраазы",- деди. 
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дан ташыган кемелердин согуш аймагынан чыгарылышы жана бул үчүн да Одесса аймагында Украинанын деңизге жайгаштырган миналардын тазаланышы тууралуу Түркиянын Россия жана Украинанын ортосунда ишенимди арттыруучу чаралардын көрүлүшүнө жардам берүүгө аракет кылгандыгын айткан. 

Чавушоглу : "БУУнун бир сунушу бар. БУУ, Түркия, Россия жана Украинадан турган төрттүк байланыш группасынын түзүлүшү. Биз буга принципте" макул" дедик. Техникалык деңгээлде бир жыйын өткөрүү пикири ортого чыкты. Азырынча бул тууралуу толук макулдашуу түзүлө элек",- деген. 

 

 

 



Тектеш кабарлар