Муглада мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Мызамсыз мигранттар текшерүүдөн кийин облустук миграция директорлугуна тапшырылды.

1835549
Муглада мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Мугланын Мармарис жана Бодрум райондоруна жакын жерде резина кайыктардагы мыйзамсыз 24 мигрант куткарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинен берилген маалыматка караганда Мармарис  жакындарында резина кайыкта мыйзамсыз мигранттардын бар экендиги тууралуу маалымат боюнча аймакка жээк коопсуздук топтору жиберилди. 

Топтор Греция элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн 15 чет элдик жээк коопсуздук кайыгы менен кургактыкка чыгарылды. Резина кайыктагы мыйзамсыз мигранттардын өтүүлөрүн уюштурган эки шектүү камакка алынды. 

Бир тараптан Бодрум районуна жакын жердеги коопсуздук кайыгы тарабынан аныкталган резина кайык токтотулуп ичиндеги 6 мыйзамсыз мигрант кармалды. 

Мызамсыз мигранттар текшерүүдөн кийин облустук миграция директорлугуна тапшырылды. 

 



Тектеш кабарлар