Президент Эрдоган: «Бир түнү биз алардын так төбөсүнөн түшөбүз, түшүшүбүз керек»

Эрдоган Азербайжанга жасаган сапарынан кайтып келе жатканда учакта абалга баа берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1834284
Президент Эрдоган: «Бир түнү биз алардын так төбөсүнөн түшөбүз, түшүшүбүз керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндө пландалган операцияга байланыштуу: «Бир түнү биз алардын так төбөсүнөн түшөбүз, түшүшүбүз керек», - деди.

Эрдоган Азербайжанга жасаган сапарынан кайтып келе жатканда учакта абалга баа берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сириянын түндүгүнөн Түркияга жасалган эң кичинекей кол салууну да жоопсуз калтыруунун мүмкүн эмес экенин билдирген президент: «Сириянын түндүгүндө террордук уюмдардын белгилүү бир чогулуучу борборлору бар. Бул борборлор Сириянын түндүк-чыгышынан түндүк-батышына чейинки бардык аймактарда бар. Бардык коалиция күчтөрү, өзгөчө Америка Кошмо Штаттары (АКШ), тилекке каршы, олуттуу түрдө бул террордук уюмдарды курал-жарак, ок-дары, шаймандар жана жабдуулар менен камсыз кылып жардам берүүдө жана азыр да улантууда.

АКШ бул жакка миңдеген жүк ташуучу унаалар менен жардамдарды берди. Ал кимге берип жатат? ПКК, ЙПГ, ПЙД террордук уюмдарына. Алардын баарына бул жардамдар берилди, азыр да уланууда. Жада калса аймакта алар үчүн машыгуу өткөрүшүүдө. Эми бул фактылар көзгө урунуп турганда, биз дагы эле аларга көңүл бурбай карап турабызбы? Түндүк Иракта ПККга жана күчүктөрүнө каршы операцияларыбыз кандай болсо, Сирия үчүн да ошол эле абал алда канча туура жана андан да маанилүү»,-деди.

«Мен дайыма айтып жүргөндөй, бир түнү биз алардын да так төбөсүнөн түшөбүз, түшүүгө мажбурбуз»,-деген Эрдоган: «Биз шейиттерибиздин акысын булардан албайбызбы? Мына көрүп тургандай бул жерде эки күндө 30дай террористтин ишин бүтүрдүк. Түндүк Ирактагылар менен бирге учурда 100дөн ашуун террористти зыянсыздандырдык. Бул процесс уланат, токтотуп койбойбуз. Террордун жана террористтердин тамырын жулуп салабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган сөзүн мындай улантты: «Биринчиден, бул иштерде ар ким өз милдетин аткарышы керек. Америка да өз милдетин аткарышы керек. Америка терроризмге каршы күрөштө өз милдетин аткарбаса, биз эмне кылабыз? Биз өзүбүздүн камыбызды көрөбүз. Терроризмге каршы күрөш бир жерден уруксат алуу менен ишке ашырылышы мүмкүн эмес».



Тектеш кабарлар