Илхам Алиев Акар жана куралдуу күчтөр командирлигин кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана коштоосундагы түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлигин кабыл алды.

1833960
Илхам Алиев Акар жана куралдуу күчтөр командирлигин кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана коштоосундагы түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлигин кабыл алды. 

Президент Режеп Таййип Эрдогандын бүгүн жасай турган Азербайжан сапарынын негизинде борбор шаар Бакуга барган Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Муса Авсевер, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Аднан Өзбал жана аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз менен президенттик сарайга барды. 

Президент Алиев тарабынан кабыл алынган Акар Азербайжандын Эгемендүүлүк   күнү менен куттуктады. 

Министр Акар Түркия менен Азербайжандын ортосундагы аскердик билим берүү кызматташтыгы жана коргонуу өнөр жайы боюнча өнүгүүлөр жана изилдөөлөр тууралуу маалымат берди.

Азербайжандын президенти Алиев да президент Эрдогандын бүгүн Бакуга барарын белгилеп : "Эгемендүүлүк күнүндө сиздер менен жолугушуу абдан чоң бакыт",- деди. Жолугушууга Азербайжандын коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов менен Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы да катышты. 

 



Тектеш кабарлар