Улуттук Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсү

Улуттук Коопсуздук Кеңеши  Түркиянын түштүк чек арасындагы операциялардын улуттук муктаждыктардын зарылчылыгы экендигин, коңшуларынын да тынчтыгын камсыз кылып жаткандыгын билдирди.

1833347
Улуттук Коопсуздук Кеңешинин  билдирүүсү

Улуттук Коопсуздук Кеңеши  Түркиянын түштүк чек арасындагы операциялардын улуттук  зарылчылык экендигин, коңшуларынын да тынчтыгын камсыз кылып жаткандыгын билдирди.

Улуттук Коопсуздук Кеңеши  президент Режеп Таййип Эрдогогандын жетекчилигинде чогулду. Жыйындан кийин  жарыяланган билдирүүдө : "Түштүк чек араларыбызда аткарылган жана аткарыла турган операциялардын коңшуларыбыздын жеринин бүтүндүгүн бутага албагандыгы, улуттук коопсуздук зарылчылыгынын негизи экендиги белгиленген",- деп билдирилип, чек ара тышындагы операциялардын коңшулардын да тынчтыгы үчүн  жүргүзүлгөндүгү айтылды. 

Терроризмге колдоо берип, эл аралык мыйзамды бузган өлкөлөргө бул мамилелерин токтотуу, Түркиянын коопсуздук жоопкерчиликтерине көңүл бурууга чакырылган билдирүүдө : "Эл аралык союздаштыктарда ар дайым союздаштык руху жана мыйзамын  аткарган Түркиянын шериктештеринен да ушундай жоопкерчиликти жана чын ыкласты күтөөрү баса белгиленди",- деп билдирилди. 
Президент Эрдоган дүйшөмбү күнкү министрлер кеңешинин жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө : "Түштүк чек араларыбыздан 30 километр ичкериде коопсуз аймактарды түзүү үчүн баштаган иштерибиздин  жетишпеген жерлери боюнча жаңы кадамдарды жасай баштайбыз. Өлкөбүзгө жана коопсуз аймактарыбызга бат  - бат болгон кол салуулардын борбору болгон аянттар  операцияда алдыңкылык берилген жерлердин башында турат. Түрк куралдуу күчтөрү, коопсуздук күчтөрүбүз, чалгындоо кызматтарыбыз даярдыктарын бүтүрөрү менен бул операциялар башталат",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар