Түркия - Румыния - Польша үч тараптуу жыйыны Стамбулда өтөт

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта жыйындын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигинде өткөрүлөрү белгиленди.

1833062
Түркия  -  Румыния -  Польша үч тараптуу жыйыны Стамбулда өтөт

Түркия  -  Румыния  -  Польшанын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу 10 -  жыйыны 27 -  майда Стамбулда болот. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта жыйындын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигинде өткөрүлөрү белгиленди. 

Маалыматта : "Жыйында Украинадагы абалдар НАТОнун Мадрид саммити, андан кийинки Стратегиялык консепт жана үч тараптуу процесстин келечеги каралат, актуалдуу аймактык абалдар тууралуу кеңешилет",- деп билдирилди. 

Маалыматта Чавушоглунун жыйындан улам Румыния жана польшалык кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар