Калын: «Түркиянын коопсуздук маселелерине конкреттүү кадамдар ташталбаса, процесс илгерилебейт»
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Швеция жана Финляндия делегациялары менен жолугушуудан кийин Президенттик комплексте маалымат жыйын өткөрдү.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу: «Түркиянын коопсуздук маселелерине конкреттүү кадамдар жана белгилүү бир график менен жооп берилбесе, процесстин илгерилебей турганын ачык айттык»,-деди.
Ибрахим Калын Швеция жана Финляндия делегациялары менен жолугушуудан кийин Президенттик комплексте маалымат жыйын өткөрдү.
Террордун ар кандай жүздөрү, формалары, түрлөрү жана трансформациялар менен кездешкен кылыктарына каршы чечкиндүүлүк менен күрөшүү НАТО концепциясынын эң негизги принциптеринин бири экендигин баса белгилеген Калын:«Түркиянын коопсуздук маселеси Түркияга каршы террордук акцияларды жүргүзүп жаткан ПКК, ПЙД/ЙПГ, DHKP-C жана ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдардын өзгөчө Европа өлкөлөрүндө, НАТОго мүчө кээ бир өлкөлөрдө, Финляндия менен Швецияда болушу менен байланыштуу. Биз маектештерибизге ПКК/ПЙД менен ЙПГнын ортосунда эч кандай айырма жок экенин жана алардын ортосунда жасалган айырмачылыктардын биз үчүн эч кандай мааниси жана баасы жок экенин ачык жана так айттык./…/»,-деп баа берди.
Акыркы 10 жылда бул эки өлкөдөн экстрадицияланышы талап кылынган террористтерди күн тартибине алып чыккандарын белгилеген Калын: «Ушул убакка чейин бизге экстрадициялоо боюнча Швецияга 28, Финляндияга 12 өтүнүч жөнөтүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын бирине да оң жооп ала элекпиз. Булардын себептерин иликтеп, иштин материалдарын жана отчетторун алардын алдына койгонубузда, алар ошондой эле бизди ынандыруу үчүн эч кандай соттук же мыйзамдуу негиздеме келтирилбегенин көрүп жатабыз. Бул санааркоололрубузду да маектештерибизге кеңири айтып бердик. Ошондой эле түрдө Түркияга каршы киргизилип жаткан ачык же жабык, тар же кеңири масштабдуу ар түрдүү коргоо өнөр жайына байланыштуу санкциялардын дароо жоюлушу жөнүндөгү күтүүбүздү да билдирдик»,-деди.
Ибрахим Калын:«Биз Түркиянын коопсуздук маселеси белгилүү бир убакыттын ичинде конкреттүү кадамдар менен чечилмейинче процесстин илгерилебей турганы тууралуу билдирүүбүздү ачык айттык»,- деп айтты.