Чавушоглу Сирияга жүргүлө турган операция жөнүндө маалымат берди

Мевлүт Чавушоглу Палестина жана Израилге сапарынан кайткан учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, террор менен күрөшүү темасына да токтолду.

1833090
Чавушоглу Сирияга жүргүлө турган операция жөнүндө маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглудан Сириянын түндүгүнө жикчил террордук уюм ПККга каршы операция билдирүүсү: «Биздин колубуз байланбайт»...

Мевлүт Чавушоглу Палестина жана Израилге сапарынан кайткан учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, террор менен күрөшүү темасына да токтолду.

«Террористтердин кол салышын күтө албайбыз, эмне керек болсо, ошону кылышыбыз керек»,- деди ал.

Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын «Сириянын түндүгүнө карай аскердик операция» ишаратына байланыштуу да билдирүү жасаган министр Чавушоглу:«Түркия катары колубуз байланып кала албайбыз, өлкөбүзгө коркунуч күчөп баратат жана биз эмне керек болсо жасашыбыз керек»,-деди.

АКШнын келишимге баш ийбегенин да айткан  Чавушоглу: «30 чакырымды терроризмден тазалайм деген убадаңарды аткарбадыңар, тазалагыла»,-деп айтты.

Түркия Сириянын түндүгүндө 2019-жылдын 9-октябрында башталган «Тынчтык булагы» операциясында АКШ менен келишим түзгөн.

Бул келишимге ылайык Түркия чек арасынан 30 километр ичкеридеги аймактан жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК чыгып кете турганын убада кылган АКШ, 2,5 жыл өтсө да убадасын аткарган жок.

АКШнын ошол кездеги вице-президенти Майк Пенстин BPHтин 8-күнүндө Түркияга жасаган иш сапары учурунда америкалык тарап жикчил террордук уюмду чек арадан 20 миль (болжол менен 32 километр) түштүккө чыгарууну убада кылган, бирок Вашингтон бийлиги бул милдеттенмесин аткарган жок.



Тектеш кабарлар