Түркиядан АКШга көңүл айтылды
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
1832383

Түркия Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Техас штатында болгон куралдуу кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«АКШнын Техас штатындагы Увалде шаарында кечээ башталгыч мектепке жасалган куралдуу кол салууда 19 окуучу жана 2 чоң адамдын каза болгонун жана жаракат алганын терең кайгыруу менен билдик»,-деп айтылат.
Билдирүүдө Кошмо Штаттарынын элине көңүл айтылып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.
Тектеш кабарлар

Эрдоган кечээ Мармаристе токой өртү чыккан аймакка барды
Эрдоган: "Баарынан да бизди кубанткан нерсе каза болгон жана жоголгон жарандарыбыз жок",- деди.