Швеция менен Финляндиянын делегациялары Анкарага келе жатат

Президенттиктин басма сөз катчыcынын билдирүүсүнө караганда, жолугушуу Түркия убактысы боюнча саат 13:00дө Президенттик комплексте башталат.

1832008
Швеция менен Финляндиянын делегациялары Анкарага келе жатат

Швеция менен Финляндиянын делегациялары НАТОго мүчөлүк арыздары боюнча кеңешүү үчүн Түркияга келишет.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Швециянын премьер-министрлик кеңсесинин статс-катчысы Оскар Стенстрем жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Жукка Саловаара баш болгон Швеция жана Финляндия делегациялары борбор шаар Анкарага келе жатышат.

Президенттиктин басма сөз катчыcынын билдирүүсүнө караганда, жолугушуу Түркия убактысы боюнча саат 13:00дө Президенттик комплексте башталат.

Президенттиктин басма сөз катчысы, элчи Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал баштаган делегация менен Стенстрем жана Саловаара баш болгон делегациялар Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздары боюнча кеңешет.



Тектеш кабарлар