Президенттик Жогорку Даанышмандык кеңешинин жыйыны өттү

Президенттик комплексте болжол менен 3 саатка созулган жолугушууга байланыштуу президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

1831994
Президенттик Жогорку Даанышмандык кеңешинин жыйыны өттү

Президенттик Жогорку Даанышмандык кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Президенттик комплексте болжол менен 3 саатка созулган жолугушууга байланыштуу президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Буга ылайык, Кеңештин мүчөлөрү жыйында Түркиянын миграциялык башкаруусу жана өлкөдөгү чет элдиктерге байланыштуу ар кандай статустагы маселелерди талкуулашты.

Жолугушууда президент Эрдоган Түркиянын тарыхта болгондой чек арасына таянган, кандайдыр бир жол менен өз жерлерине баш калкалаган эч бир эзилген же жабыр тарткан адамга далысын бурбаганын айтты.

Сириянын түндүгүндө Түркия коопсуз кылган аймактарга кайтып келгендердин санынын 500 миңден ашканын белгилеген президент Эрдоган, бул аймактарда эл аралык каржылоо аркылуу курула турган жаңы конуштар менен дагы көп сириялыктын үйлөрүнө кайтуусун камсыздай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган жыйында:« Цивилизациябызда, ишенимибизде, маданиятыбызда жана баалуулуктарыбызда орду жок ксенофобияга улутубуз жана мамлекетибиз эч качан жол бербейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар