Кожа: «Түркияда маймыл чечеги оорусу катталган жок»
Министр Кожа борбор шаар Анкарада Түркия Улуу Улуттук Жыйынында сүйлөгөн сөзүндө акыркы мезгилде дүйнөдө байкалган маймыл чечеги оорусу тууралуу маалымат берди.
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккан учур жок экенин билдирди.
Министр Кожа борбор шаар Анкарада Түркия Улуу Улуттук Жыйынында сүйлөгөн сөзүндө акыркы мезгилде дүйнөдө байкалган маймыл чечеги оорусу тууралуу маалымат берди.
Фахреттин Кожа: «Керексиз кооптонуу болбошу керек. Оору пандемияга себеп болот дегенге ишенбейм. Маймыл чечеги оорусун көрө элекпиз. Качан болсо түшүндүрөбүз»,-деди.
Жарандардын тынчсызданбашы керектигин билдирген Кожа: «Чечекке каршы вакцинанын эффективдүүлүгү 80-85 пайыз экенин билебиз. Вакцина эпидемия коркунучу жок болгон 1970-жылдардан бери өнүктүрүлүп иштелип чыккан эмес, бирок Америка Кошмо Штаттары медициналык процедурага байланыштуу ошол кезде жок кылынышы керек болгон тирүү вирусту жашырган»,- айтты.
Тектеш кабарлар
Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын 5 террористти жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа эсебинен маалымат берди.