EBU өкүлдөрү Стамбулда өткөрүлгөн Медиа саммитинде чогулушту

Саммиттин ачылыш сөзүн ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы жана EBUнин башкы директору Ноэль Карран жасады.

1831908
EBU өкүлдөрү Стамбулда өткөрүлгөн Медиа саммитинде чогулушту

Түркия радио жана телеберүү мекемеси ТРТ негиздөөчү мүчөсү болгон Европа Телерадиоберүү Биримдигинин (EBU) өкүлдөрү Стамбулда өткөрүлгөн Медиа саммитинде чогулушту.

EBU медиа саммити кечээ жана бүгүн Европанын алдыңкы коомдук телерадиокомпанияларын чогултту.

Саммиттин ачылыш сөзүн ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы жана EBUнин башкы директору Ноэль Карран жасады.

Англиядан Би-Би-Си, Франциядан France Televisions, Германиядан ARD жана Италиядан RAI сыяктуу дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 200гө жакын мыкты телерадиокомпаниялар катышкан саммитте коомдук телерадиолордун келечеги, коомдук телерадиокомпаниялардын милдеттери жана потенциалдуу кызматташуулар талкууланды.

Эки күндүк иш-чаранын жабылыш жыйынында сөз сүйлөгөн EBU медианы өнүктүрүү жана жаш аудиториялар бөлүмүнүн башчысы Мадиана Ассераф мындай деди: «Бул саммит келерки жылы боло турган саммитке дем берди деп үмүттөнөм. Келээрки жыл үчүн азыртан толкунданып жатабыз. ТРТ быйыл уюштурган саммит менен стандарттарды жогорулатты. Бул жерден дагы аларга ыраазычылык билдиргим келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар