Түркия Ирактагы террордук кол салууну айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1831722
Түркия Ирактагы террордук кол салууну айыптады

Түркия Ирактын Керкүк облусунун Тазехурмату жана Бешир райондоруна жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Ирактын Керкүк облусунун Тазехурмату жана Бешир райондорунда кечээ кечинде болгон террордук кол салууда алгачкы аныктамалар боюнча 7 кишинин каза болгону жана 2 кишинин жараланганы терең кайгыруу менен угулду»,делди.

Түркиянын террор менен күрөшүүдө дос жана коңшу Ирак калкынын жана өкмөтүнүн жанында экени баса белгиленип, «Бул жийиркеничтүү террордук актыны катуу айыптап, кол салууда каза болгондорго Аллахтын ырайым кылуусун, жаралуулардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз жана кылмышкерлердин тез арада кармалып, жоопко тартылышын күтөбүз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар