Түндүк Ирактагы террористтер менен кагылышууда шейит болгон аскер саны 4кө жетти

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

1831567
Түндүк Ирактагы террористтер менен кагылышууда  шейит болгон аскер саны 4кө жетти

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтер менен болгон кагылышууда шейит болгон аскердин саны 4кө жетти.

Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«2022-жылдын 24-майында Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында террористтер менен чыккан кагылышта 3 баатыр жолдошубуз шейит болуп, 4 баатыр жолдошубуз жаракат алып, дароо ооруканага жеткирилип, дарылануусу башталды»,деп айтылган.

Дарыланып жаткан дагы бир аскердин каза болушу менен шейиттердин саны 4кө жетти.

Бизди терең капа-кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейиттерибизге Аллахтан ырайым тилеп, кайгыга баткан үй-бүлөлөрүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз, жаракат алган кызматкерлердин тез сакайып кетишин каалайбыз»,делди.



Тектеш кабарлар