Террор менен күрөш, "Тынчтык булагы", "Чеңгел - Кулпу" операциялары

Улуттук коргоо министрлиги  Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  -  Кулпу"  операцияларын ылдамдатты.

1831835
Террор менен күрөш, "Тынчтык булагы", "Чеңгел - Кулпу" операциялары

Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагына кол салуу үчүн даярданган ПКК террордук уюмунун  мүчөсү 7 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта "Тынчтык булагы" аймагына карата кол салуу үчүн даярданган ПКК/ ЙПГнын 7 террористтин десанттар тарабынан жок кылынгандыгы белгиленди. 

Бир тараптан Улуттук коргоо министрлиги  Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  -  Кулпу"  операцияларын ылдамдатты. 

Министрликтин булактарынан алынган маалыматка караганда нөшөрлөгөн жамгыр, туман жана маал - маалы менен  болгон кум бороонуна карабай уланып жаткан операцияларда десанттар  бир топ террористти үңкүргө камады. 

Десанттардын "багын" чакыруусуна террористтер ок атуу менен жооп кайтарды. Үңкүрдүн айланасында кагылышуулардын уланып жаткандыгы белгиленди. 

Ошол эле учурда чек ара линиясына барган Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын да башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Муса Авсевер жана аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз менен жолугушууларын уланткандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар