Малики: «Түркия мамлекети Палестина элинин кызыкчылыгы үчүн иш алып барарына толук ишенебиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 24-25-майда Палестина жана Израилге сапарынын алдында Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

1830866
Малики: «Түркия мамлекети Палестина элинин кызыкчылыгы үчүн иш алып барарына толук ишенебиз»

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики Түркия менен болгон карым-катнаштарынын тарыхый негиздерге негизделгенин жана күчтүү экенин айтып: «Түрк өкмөтү жана мамлекети Палестина элинин кызыкчылыгы үчүн иш алып барарына толук ишенебиз»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 24-25-майда Палестина жана Израилге сапарынын алдында Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берген Малики, Түркия-Палестина карым-катнаштары тууралуу: «Түркия менен Палестинанын ортосундагы карым-катнаштар тарыхый негиздерге негизделген, узак мөөнөттүү жана күчтүү. Мындай карым-катнаштар менен сыймыктанабыз. Бул карым-катнаш ар түрдүү жолдор жана ыкмалар менен бекемделди жана өнүктү»,-деп айтты.

Малики эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштын президент Режеп Таййип Эрдоган жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас тарабынан «эң жогорку деңгээлде» жүргүзүлүп жатканына көңүл бурду.

Чавушоглу менен да күчтүү карым-катнаштар бар экенине көңүл бурган министр Малики: «Биргелешип Палестина элине кылынган зулумдукту жок кылуу, Палестина элинин көйгөйлөрүн жок кылуу, Палестина элинин укуктарын коргоо үчүн аракет кылуудабыз. Түрк өкмөтү жана мамлекети Палестина элинин кызыкчылыгы үчүн иштей турганына толук ишенебиз»,-деп айтты.

Малики, түрк өкмөт өкүлдөрүнөн турган делегация менен Палестинага сапарын жылуу кабыл алгандарын белгилеп, Түркия-Палестина биргелешкен комитетинин жыйналышынын экинчи отурумунун жыйынтыгында эки тараптуу келишимдерге кол коюла турганын белгилеп, «Бул карым-катнаш алдыга жылат жана ар тараптуу болооруна толук ишенебиз»,-деди.

Түркиянын Израил менен карым-катнаштарын өнүктүрүүнүн Палестина маселесине кошкон салымы тууралуу суроого жооп берген Малики: «Түркия ар дайым маселелерди чечүүгө аракет кылып, алдыңкы орунда болууну каалайт. Маселе Түркия же Палестина эмес, маселе Израилде»,-деген сөздү айтты.

Израиль тарапта эч кандай саясий маектеш жана эрк жок экенин белгилеген Палестина министри:«Түркиянын же башка өлкөнүн кандайдыр бир демилгеси Израиль тараптан жооп табаарына ишенбейм»,-деди.



Тектеш кабарлар