Чавушоглу Палестина жана Израилге барат

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта министр Чавушоглунун Палестина жана Израилге бара турганы билдирилди.

1831143
Чавушоглу Палестина жана Израилге барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестина жана Израилге барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта министр Чавушоглунун Палестина жана Израилге бара турганы билдирилди.

Билдирүүдө: «Урматтуу министр (Чавушоглу) 2010-жылы Түркия жана Палестинанын тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы астында түзүлгөн биргелешкен комитеттин экинчи жыйынына төрагалык кылуу үчүн 24-майда Палестинага барат. Жогоруда айтылган иш сапарынын алкагында биздин министр, Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малки менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү жана  Палестинанын президенти Махмуд Аббас мырза менен жолугушуусу пландаштырылууда»,-делди.

Билдирүүдө Чавушоглунун 25-майда Израилге бара турганы белгиленип:«Министрибиздин 25-майда Израилге барышы жана Израилдин тышкы иштер министри жана альтернативдик премьер-министри Яир Лапид менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүшү жана анын алкагында Израиль менен аймактык жана эл аралык маселелер, ошондой эле эки тараптуу карым-катнаштар боюнча пикир алмашабыз деп күтүлүүдө»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар