Түркия-Азербайжан аскердик машыгуусу Карста өтүп жатат

Улуттук Коргоо министрлигинин интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө машыгуунун фотосүрөттөрү да орун алды.

1830285
Түркия-Азербайжан аскердик машыгуусу Карста өтүп жатат
turkiye-azerbaycan tatbikat.jpg
turkiye-azerbaycan tatbikat.jpg
turkiye-azerbaycan tatbikat.jpg
turkiye-azerbaycan tatbikat.jpg

Түрк куралдуу күчтөрү жана Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн персоналынын катышуусунда Карста жүргүзүлгөн «Гейдар Алиев-2022 (Түркия-Азербайжан) актуалдуу атуучу биргелешкен/бириккен батальондук кызматтык талаа машыгуусунун» ийгиликтүү уланганы маалымдалды.

Улуттук Коргоо министрлигинин интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө машыгуунун фотосүрөттөрү да орун алды.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Машыгуунун максаты; Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн элементтеринин ортосундагы достукту, кызматташтыкты жана координацияны өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, билим жана тажрыйба алмашуу, биргелешип операцияларды аткаруу жөндөмүн өркүндөтүү, ок атуу жана маневрдин координациясын жакшыртуу, аскерлердин аба ырайынын бардык шарттарында даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу жана алардын коопсуздук жөндөмүн жогорулатуу болуп саналат»,делди.

Машыгуу 2022-жылдын 22-майынан 26-майына чейин Карста өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар