Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГга мүчө 12, Ирактын түндүгүндө 3 террорист жок кылынды

Улуттук Коргоо министрлиги террористтердин Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарына ок чыгарганын билдирди.

1830294
Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГга мүчө 12, Ирактын түндүгүндө 3 террорист жок кылынды
harekat tsk operasyon.jpg

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (MSB) билдирүүсүндө, «Мехметчиктин деми террористтердин желкесинде. Ирактын түндүгүндө террористтерге каршы күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланууда. Чеңгел-Жолборс операция аймагында Мехметчигибизге куугунтуктоо иретинде ок ачкан 3 ПККлык террорист ок атууну колдоо техникалары менен атылып жок кылынды»,делди.

Бир тараптан министрлик, Ирактын түндүгүндө 18-майда таасирсиз абалга келтирилген ПККлык террористтерден бирөөнүн Террор боюнча изделгендер тизмесинде кызгылт сары категорияда изделген «Мирза» каймана аттуу  Айхан Иналхан болгонун билдирди.

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 12 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги террористтердин Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарына ок чыгарганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Террористтерге каршы күрөшүбүз эффективдүү жана чечкиндүү түрдө уланууда.Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарында куугунтуктоочу ок аткан ПКК/ЙПГга мүчө 12 террорист Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар