Эрдоган: «Түркиянын ар бир жетишкендиги жаштардын талыкпай күрөшүүсү менен болду»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Жаңы Адана стадионунда 81 облустан келген жаштар менен жолугушту.

1830245
Эрдоган: «Түркиянын ар бир жетишкендиги жаштардын талыкпай күрөшүүсү  менен болду»
erdogan adana'da genclerle bulustu.jpg
erdogan adana'da genclerle bulustu.jpg
erdogan adana'da genclerle bulustu.jpg
erdogan adana'da genclerle bulustu.jpg
erdogan adana'da genclerle bulustu.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын ар бир жетишкендиги жаштардын талыкпай күрөшүүсү жана жетишкендиктери менен болгонун айтты.

Президент Эрдоган Жаңы Адана стадионунда 81 облустан келген жаштар менен жолугушту.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркияны максаттарына жеткире турган жана дүйнөнү өзгөртө турган ушул жаштар экенин белгилеген Эрдоган, 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин мизин майтарууда жаштар чоң роль ойногонуна басым жасады.

Эрдоган: «Түркиянын керек болгон учурда жети дөө менен таймашып, жетишкен ар бир жетишкендиги жаштарыбыздын ушул сапаттарга ээ болгон намыстуу позициясы, талыкпай күрөшүүсү жана жетишкен ийгиликтеринин аркасында болду»,-деди.

Бүт кыялдарын жаштар менен бирге кургандарын, жаштар менен максаттарды койгондорун жана ошого жараша бардык даярдыктарды көргөндөрүн баса белгилеген Эрдоган:«Биз жаштарды университеттерде, орто билимдерде, илимде жана спортто ийгиликтерге толгон келечекке даярдайбыз»,-деп айтты.

Террор уюмдарына каршы ийгиликтүү күрөшкөндөрүн билдирген президент Эрдоган:«Биз Түркияны өз максаттарына карай алып бара жатабыз. Келечектеги максаттарыбызды сиздер менен бирге ишке ашырабыз, көз караштарыбызды сиздер менен бирге курабыз»,-деп толкундануусун билдирди.

Аданада 81 облустун жаштары менен бир туугандык билдирүүлөрүн бергендерин белгилеген Президент: «Биз албетте жаштарыбыздын арасына келишпестиктерди жаратууга эч качан уруксат бербейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар