Эрдоган - Жонсон телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Швеция менен Финляндиянын жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын көзөмөлүндөгү адамдар жана уюмдар менен болгон карым-катнаштарынын негизги көйгөйдү түзгөнүн белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сйлөшүүдө Түркия - Британия карым-катнаштары менен бирге Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк талабы, Украина - Россия согушу менен бирге аймактык абалдар каралды.
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Швеция менен Финляндиянын жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын көзөмөлүндөгү адамдар жана уюмдар менен болгон карым-катнаштарынын негизги көйгөйдү түзгөнүн белгиледи.
Финляндия менен Швециянын НАТОнун баалуулуктарына ээ чыгарынан жана Түркиянын мыйзамдуу тынчсызданууларына кам көрөрүнө ишенүүнү каалашкандарын белгилеген президент Эрдоган террорго колдоо берген өлкөлөрдүн НАТОго мүчөлүк талабына каршы түрк коомдук пикириндеги акылуу реакциясын көз жаздымда калтырбоо керектигин айтты.
Тектеш кабарлар

Мавлид түнү эртең белгиленет
Мавлид-и Неби жумалыгы быйыл «Пайгамбарыбыз, ыйман жана багыт» темасы менен өткөрүлөт.